3/5 Osh c. 1 year ago on Google
Бир
тизеси
олдоксон
бүгүлүп,
ошол
жак
ийни
пас
түшүп,
колу
жансыздай
шалдайып
өз
денесине
жубубай
турду.
Нүзүп
көзүн
тартып
кетти:
–
Баштагыла...
–
деди
акырын.
Кернайлар,
дабылдар
тып
басылды.
Бир
да
тике
турган
киши
калбай
эл
жер
жайнап
отуруп
калышты.
Кары
улама
курандан
хутба
сүрөөнү
түшүрдү.
Эл
сүрөөнү
дем
тартпай,
былк
этпей
угушуп,
Шералинин
урматына
багышташты.
Бетке
кол
тартылары
менен
кернайлар
кайрадан
күчөп
бапылдап,
дабылдар
баш
кеңгиретип
дүңгүрөп
кирди.
–
Кана!
Аллау
акбар!
Аллау
акбар!
–
деди
улама
киркиреп.
–
Аллау
акбар,
аллау
акбар...
Түнөргөн
кишилер
баланы
колтуктарынан
сүйөп:
–
Коркпо...
Коркпо...
–
деп
жооткотуп,
алдыга
өткөзүштү,
ак
кийиздин
четине
өтө
жакындатышты.
–
Коркпо,
эчтеме
болбойт,
–
эчтеме
болбойт...
Бала
«эмне
болорун»,
«эмнеден
коркорун»
түшүнө
алган
жок.
«Бээге
мингизеби?..»
–
деп
ойлоду.
Тизгин
тута
албайт
ко?!
Жыгылат
ко
азоодон?!
Эми
оз
оюнан
өзү
коркуп,
эки
көзү
жылтырап
жашылданып,
энтигип,
оозу
жарым
ачылып,
муун-жүүнү
калтырагандай
болду.
Кернайлардын
жабыла
айкырыгынын
арасында:
–
Аллау
акбар!
Бир
кудайдын
жолуна,
аллау
акбар!
Султандардын
жолуна...
Чилтендердин
жолуна...
Аллау
акбар,
аллау
акбар!..
–
деп
уламанын
гана
үнү
киркилдеп
басылбай
турду.
Ушул
учурда
арттан
катуу
чыңырык
чыкты.
Эл
селт
этти.
–
О,
садагам...
Садагам...
ай...
–
деп
эчкирип
боздоп
келатты
бирөө.
–
О,
садагам!..
Жалгыз
элең,
садагам!..
Үн
зайыптын
үнү
эле.
Нүзүптүн
кабагы
чимириле
түштү,
заары
бетине
чыгып,
көздөрү
чакчайып,
бурулуп
карады.
Кылкылдаган
көп
элди
аралап,
кармаган
кишилерге
бой
бербей,
узун,
көк
көйнөкчөн
зайып
жүгүрүп
келатты.
Аны
кармоого
эч
ким
даабады,
эч
кимдин
колу
барбады.
Узун,
көк
көйнөкчөн
зайыптын
көздөрү
коркунучтуу
чакчайып,
кыроо
баскан
шыбактай
аппак
чачтары
жайылып,
сеңселип,
кылкылдаган
көп
элди
жоодар
аралагансып,
толкутуп,
жарып
аралап
келатты.
–
Ырайым
кыл,
айланайын
эл!
Сары
улагың
болоюн
эл!..
Атадан
жалгыз
эле,
о
кудай...
Жарым
жан
эле
шордуум...
О,
шордуум,
кайдасың!..
–
деп
боздоп
келатты.
Эл
бийлердин
көзүнчө
гана,
кой
дешкен
болуп,
кармаган
болуп,
а
чынында
алдына
тура
алышпай
тең
жарылып
качып,
ага
жол
берип
жатышты.
Баланы
ортого
алып
турган
түнөргөн
куралдуу
кишилердин
тосконуна
болбой,
тажалданып
чыңырып
келип,
кемпир
баласын
кучактап
калды.
Бала
титиреп
апасынын
бооруна
жабышты:
–
Апа...
Апа...
–
деп
бышактады,
башын
катты.
Ошол
замат
күчтүү
колдор
экөөбүн
эки
жакка
катуу
силкип
ажыратты.
Эне
менен
бала
чыңырып
кайра
жабышышты.
Күчтүү
колдор
аларды
кайра
капшыра
кармады.
–
Токто!